# 273-статья. Эмгек келишиминин тараптарына башка тараптын келтирген чыгашанын ордун толтуруу милдети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-273>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-273.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 273-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-273

---

Эмгек келишиминин тарабы башка тарапка чыгаша келтирсе (иш берүүчү же кызматкер) ошол чыгашанын ордун ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык толтурат. Эмгек келишими же ага тиркелүүчү жазуу жүзүндө түзүлгөн макулдашуулар ушул келишимдин тараптарынын материалдык жоопкерчилиги айкындаштырылышы мүмкүн. Мында иш берүүчүнүн кызматкерлердин алдындагы келишимдик жоопкерчилиги ушул Кодексте же башка мыйзамдарда каралгандан төмөн, ал эми кызматкердин иш берүүчүнүн алдындагы жоопкерчилиги жогору болбоого тийиш. Чыгаша келтирилгенден кийин эмгектик келишимин бузуу эмгек келишиминин тараптарын жоопкерчиликтен бошотууга алып келбейт.

---

Мурунку берене: [272-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-272)  
Кийинки берене: [274-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-274)
