# 272-статья. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү иштерди сактоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 272-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-272

---

Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө иш берүүчүнүн буйругу (тескемеси, токтому), соттун чечими, зыяндын ордун толтуруу тууралу жабырлануучунун жана башка кызыгдар адамдардын арызы бардык зарыл документтер менен бирге иш берүүчү тарабынан ар бир төлөм алуучу үчүн өзүнчө иш көктөмүндө сакталат. Зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө мезгилинде жабырлануучуга зыяндын ордун толтурууну дайындоо жөнүндө иштери иш берүүчүнүн бухгалтериясында сакталат. Зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө токтотулгандан эки жыл өткөндөн кийин көрсөтүлгөн иштер иш берүүчү тарабынан туруктуу сактоого мамлекеттик архив органдарына өткөрүлөт.

---

Мурунку берене: [271-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-271)  
Кийинки берене: [273-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-273)
