# 269-статья. Өз убагында алынбаган зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөп берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-269>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-269.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 269-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-269

---

Дайындалган, бирок зыяндын ордун толтурууга укугу бар жабырлануучунун же адамдын өз учурунда алынбаган зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө, өткөн мезгил үчүн жүргүзүлөт, бирок ал аны алуу үчүн кайрылуунун алдындагы үч жылдан ашпоого тийиш. Багар-көрөрү каза болгондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууга укугу бар жабырлануучуга же адамдарга эсептелүүчү жана каза болгондугуна байланыштуу толук алынбай калган зыяндын ордун толтуруу суммалары алардын мураскорлоруна жалпы негизде төлөнөт. Келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликте болгон иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча өз убагында алынбаган зыяндын ордун толтуруу суммалары өткөн мезгил үчүн кандайдыр бир мөөнөттөр менен чектелбестен төлөнүп берилет. Зыяндын ордун толтуруу суммалары, анын ичинде бир жолку берилүүчү жөлөкпул төлөнбөй калганда, белгиленген мөөнөттө иш берүүчү ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн зыяндын ордун толтуруунун төлөнбөгөн суммасынын 0,15 пайызы өлчөмүндө туум төлөөгө милдеттүү. Зыяндын ордун толтуруучу суммалар жана бир жолку берилүүчү жөлөкпулдар өз убагында төлөнбөгөндүгү үчүн, иш берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылат.

---

Мурунку берене: [268-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-268)  
Кийинки берене: [270-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-270)
