# 266-статья. Кары-картаңдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жатак үйлөрдө болгон учурда зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөп берүү эрежелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-266>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-266.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 266-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-266

---

Зыяндын ордун толтуруу дайындалган адам кары-картаңдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жатак үйгө (пансионатка, аймактык борборго) жайгаштырылган учурда, зыяндын ордун толтуруу суммасы (эмгекке жарамсыз багуудагы адамдарга эсептелген суммаларды кошпогондо) иш берүүчү тарабынан жатак үйдүн (пансионаттын, аймактык борбордун) расчеттук эсебине которулат. Аталган адамдардын багуусунда болгон эмгекке жарамсыз адамдарга зыяндын ордун толтуруу иш берүүчү тарабынан төмөнкүдөй тартипте төлөнөт: багуусунда эмгекке жарамсыз бир адам болгондо зыяндын ордун толтуруунун белгиленген суммасынын бир чейреги, эки адам болгондо - үчтөн бири, үч жана андан көп болгондо - жарымы. Зыяндын ордун толтуруу суммасынын калган бөлүгү жатак үйдүн (пансионаттын, аймактык борбордун) расчеттук эсебине которулат. Зыяндын ордун толтуруу дайындалган адамга жатак үйдүн (пансионаттын, аймактык борбордун) администрациясы тарабынан которулган сумма менен жатак үйдө (пансионатта, аймактык борбордо) багуунун наркынын ортосундагы айырма төлөнүп берилет, бирок ал зыяндын ордун толтуруунун белгиленген суммасынын 25 пайызынан кем болбоого тийиш.

---

Мурунку берене: [265-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-265)  
Кийинки берене: [267-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-267)
