# 264-статья. Зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө. Төлөнүүчү суммаларды жеткирүү жана салып жиберүү боюнча чыгымдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-264>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 264-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-264

---

Зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө учурдагы ай үчүн ошол айдын ичинен кечиктирилбей жүргүзүлөт. Бир жолку берилүүчү жөлөкпулду аларды дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди берген күндөн бир айдан кечиктирилбестен төлөнөт. Зыяндын ордун толтурууга ай сайын төлөөлөр иш берүүчү тарабынан эмгек акыны төлөө үчүн белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт. Зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнө турган суммаларды жеткирүү жана салып жиберүү келтирилген зыянга жоопкерчиликтүү иш берүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт. Аны алуучулардын каалоосу боюнча ошол суммалар алардын банктагы эсептерине которулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [263-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-263)  
Кийинки берене: [265-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-265)
