# 262-статья. Зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөмдөрдү узартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-262>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-262.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 262-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-262

---

Зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөмдөрдү узартуу, жабырлануучунун жана башка кызыгдар адамдардын иш берүүчүгө кайрылган мезгилине карабастан мурдагы төлөмдөр аяктаган күндөн тартып жүргүзүлөт. Өткөн мезгил үчүн зыяндын ордун толтуруу төлөмдөрү ошол мезгилде эмгекке жарамдуулугун жоготкондугу тастыкталган шартта, ошондой эле зарыл документтер берилгенде төлөнөт. Ушундай шарттарда ден соолуктун бузулушуна алып келген кошумча чыгымдардын ордун толтурууга төлөмдөр жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [261-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-261)  
Кийинки берене: [263-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-263)
