# 260-статья. Зыяндын ордун толтуруу суммасын төлөй баштоо мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-260>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-260.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 260-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-260

---

Зыяндын ордун толтуруу суммалары төмөнкү учурларда төлөнөт:

1) жабырлануучуларга - алар эмгектик мертинүүнүн кесепетинен эмгекке жарамдуулугун толук же жарым-жартылай жоготкон күндөн тартып;

2) жабырлануучунун каза болгонуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууга укуктуу адамдарга - жабырлануучу каза болгон күндөн тартып, бирок зыяндын ордун толтуруу укугун алган күндөн эрте эмес.

Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талап ушундай зыяндын ордун толтурууга укук пайда болгон учурдан тартып үч жыл өткөндөн кийин берилсе, зыяндын ордун толтуруу үчүн кайрылган күндөн тартып үч жылдан ашык эмес өткөн убакыт үчүн канааттандырылат. Арыз берилген күн зыяндын ордун толтуруу үчүн кайрылган күн катары эсептелинет.

---

Мурунку берене: [259-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-259)  
Кийинки берене: [261-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-261)
