# 259-статья. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаш-тартышты сотко өткөрүү. Талаш-тартышты сотто кароонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-259>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-259.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 259-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-259

---

Кызыгдар адам иш берүүчүнүн чечимине, эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечимине макул болбогондо, ошондой эле белгиленген мөөнөттө жооп алынбаганда талаш-тартыш сот тарабынан каралат. Кесиптик бирлик же кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органы кызыгдар адамдардын макулдугу менен сотко арыз менен кайрылууга жана сот процессине катышууга укуктуу. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө арыз арыздануучунун каалоосу боюнча же иш берүүчү турган жердеги, болбосо өзү жашаган жердеги, же зыян келтирилген жердеги сотко берилет. Эмгектик милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкер мертинүүгө учурагандыгы, болбосо жабырлануучунун каза болгонуна байланыштуу зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талапка доонун эскириши колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [258-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-258)  
Кийинки берене: [260-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-260)
