259-статья. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаш-тартышты сотко өткөрүү. Талаш-тартышты сотто кароонун тартиби
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 18-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Кызыгдар адам иш берүүчүнүн чечимине, эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечимине макул болбогондо, ошондой эле белгиленген мөөнөттө жооп алынбаганда талаш-тартыш сот тарабынан каралат. Кесиптик бирлик же кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органы кызыгдар адамдардын макулдугу менен сотко арыз менен кайрылууга жана сот процессине катышууга укуктуу. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө арыз арыздануучунун каалоосу боюнча же иш берүүчү турган жердеги, болбосо өзү жашаган жердеги, же зыян келтирилген жердеги сотко берилет. Эмгектик милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкер мертинүүгө учурагандыгы, болбосо жабырлануучунун каза болгонуна байланыштуу зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талапка доонун эскириши колдонулбайт.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
259-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 30 ноября 2006 года №14 "О некоторых вопросах судебной практики применения законодательства о возмещении вреда, причиненного жизни и…Постановление Пленума Верховного суда · 30.11.2006 · № 14
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-259" title="259-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>