# 258-статья. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө иштерди сотко чейинки кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-258>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-258.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 258-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-258

---

Жабырлануучу жана жабырлануучу каза болгон учурда зыяндын ордун толтурууга укугу бар адам иш берүүчүнүн зыяндын ордун толтурууга байланыштуу маселелер боюнча чечимине эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына же кесиптик бирликке даттанууга укугу бар. Эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же кесиптик бирликтин техникалык эмгек инспекциясынын зыяндын ордун толтуруу суммасын төлөө жөнүндөгү чечими иш берүүчү үчүн милдеттүү болуп саналат. Иш берүүчү мындай чечимге макул болбогон учурда ал мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн. Иш берүүчүнүн эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечимине макул эместиги зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөбөй коюуга негиз боло албайт.

---

Мурунку берене: [257-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-257)  
Кийинки берене: [259-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-259)
