# 257-статья. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө арыздын иш берүүчү тарабынан каралышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-257>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-257.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 257-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-257

---

Иш берүүчү зыяндын ордун толтуруу жөнүндө арызды кароого жана он күндүк мөөнөттө тиешелүү чечим кабыл алууга милдеттүү. Чечим зыяндын ордун толтуруу аныкталган адамдардын фамилияларын, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө анын өлчөмдөрүн жана төлөө мөөнөттөрүн көрсөтүү менен иш берүүчүнүн буйругу (тескемеси, токтому) аркылуу жол-жоболоштурулат. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө иш берүүчүнүн буйругунун (тескемесинин, токтомунун) бир нускасы же жүйөсү келтирилген жазуу жүзүндөгү баш тартуу арыз берген күндөн тартып он күндүк мөөнөттө кызыгдар адамдарга берилет. Арызды кароону кечиктирүү же буйрукту белгиленген мөөнөттө бербөө зыяндын ордун толтуруудан баш тартуу катары каралат.

---

Мурунку берене: [256-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-256)  
Кийинки берене: [258-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-258)
