# 255-статья. Зыян үчүн жоопкерчиликтүү болгон иш берүүчү кайра уюштурулган же жоюлган учурларда зыяндын ордун толтуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 255-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-255

---

Иш берүүчү жоюлганда же кайра уюшулганда (кошулганда, бириккенде, бөлүнгөндө, бөлүнүп чыкканда, кайра түзүлгөндө) тиешелүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттерди укук улантуучусу тартат, ага зыяндын ордун толтуруу жөнүндө арыз берилет. Эгерде жоюлган иш берүүчүнүн укугу жана милдеттери укук улантуучуга өтпөсө, ал капиталдаштырууга жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органына зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнө турган сумманы төлөөгө милдеттүү. Жоюу комиссиясынын курамына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органынын өкүлү киргизилет. Жоюу отчету келечекте зыяндын ордун толтурууга төлөө үчүн зарыл болгон сумманы капиталдаштыргандан жана аларды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органына которгондон кийин гана бекитилет. Зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөөнү мындай учурларда мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдары жүзөгө ашырылат. Эгерде төлөмдөрдү капиталдаштыруу жоюлган иш берүүчүнүн төлөө кудуретсиздигине байланыштуу жүргүзүлбөсө, жетпеген жана капиталдаштырылууга тийиш болгон суммалар мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарына орду толтурулуп берилет. Эгерде иш берүүчү жоюлганда зыяндын ордун толтуруу төлөмдөрүн капиталдаштыруу жүргүзүлбөсө, зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органына берилет. Өзүнүн жоюула тургандыгы жана кайра уюштурулаары жөнүндө иш берүүчү эки жумалык мөөнөттө эмгектик мертинүүгө байланыштуу зыяндын ордун толтурууга укугу бар адамдарга билдирүүгө милдеттүү. Зыяндын ордун толтуруу суммаларын капиталдаштыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [254-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-254)  
Кийинки берене: [256-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-256)
