# 254-статья. Иш берүүчүгө арыз менен кайрылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-254>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-254.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 254-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-254

---

Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө арыз иш берүүчүгө берилет, ал эмгектик мертинүүдөн келтирилген зыян үчүн анын болгон мөөнөтүнө карабастан жоопкерчилик тартат. Иш берүүчү зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талап коюу үчүн зарыл болгон документтерди алууда арыз берүүчүгө көмөктөшүүгө жана зарыл болгон учурларда аларды башка уюмдардан талап кылууга милдеттүү. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:

1) жабырлануучунун кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасы жөнүндө МСЭКтин корутундусу;

2) жабырлануучунун медициналык, социалдык жана кесиптик реабилитацияга муктаждыгы жөнүндө МСЭКтин же дарылоо-профилактикалык мекеменин корутундусу;

3) каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

4) өлгөн адамдын багуусунда болгон адамдарды көрсөтүү менен анын үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;

5) балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөсү;

6) каза болгон адамдын үй-бүлө мүчөсү иштебегендиги жана анын балдарын, неберелерин, ага-инилерин жана эже-сиңдилерин багып жаткандыгы жөнүндө маалымкат;

7) 18ден 23ке чейинки курактагы зыяндын ордун толтурууга укугу бар адамдар күндүзгү билим берүү уюмдарында окуп жаткандыгы жөнүндө маалымкат;

8) жабырлануучунун каза болгон күнүнө карата анын багуусунда болууга укугу бар эмгекке жарамсыз адамдар жөнүндө маалымкат;

9) башка документтер.

Каза болгон адамдын багуусунда болгонун тастыктоочу документтер болбогон учурда же калыбына келтирүү мүмкүн болбогондо багуусунда болуу фалили сот тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [253-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-253)  
Кийинки берене: [255-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-255)
