# 250-статья. Жабырлануучу (багар-көрөрү) каза болгон учурда зыяндын ордун толтуруу өлчөмү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-250>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-250.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 250-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-250

---

Каза болгон адамдын багуусунда турган жана анын каза болушуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууга укугу бар адамдарга зыян каза болгон адамдын орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө ага туура келүүчү үлүштү чыгарып салуу менен аныкталат. Ушул ордун толтурууга укугуна ээ адамдардын ар бирине зыяндын ордун толтуруу өлчөмүн аныктоо үчүн багар-көрөрү эмгек акысынын бардык көрсөтүлгөн адамдарга туура келүүчү бөлүгү алардын санына бөлүнөт. Каза болгон адамдын багуусунда болбогон, бирок зыяндын ордун толтурууга укугу бар эмгекке жарамсыз адамдарга анын өлчөмү төмөнкү тартипте аныкталат: эгерде багууга каражат соттун чечиминин негизинде өндүрүлүп алынса, анда зыяндын ордун толтуруу сот дайындаган суммада аныкталат; эгерде багууга каражат соттук тартипте өндүрүлбөсө, анда зыяндын ордун толтуруу өлчөмү эмгекке жарамсыз адамдын материалдык абалын жана каза болгон адамдын тирүү кезинде аларга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен белгиленет. Эгерде зыяндын ордун толтуруу укугуна каза болгон адамдын багуусунда болгон да, анын багуусунда болбогон да адамдар бир эле мезгилде укуктуу болсо, анда адегенде каза болгон адамдын багуусунда болбогон адамдар үчүн зыяндын ордун толтуруу өлчөмү аныкталат. Аларга белгиленген зыяндын ордун толтуруу суммасы багар-көрөрүнүн эмгек акысынан алынып салынат, андан кийин эмгек акынын калган суммасына негизденип, ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган тартипте каза болгон адамдын багуусунда болгон адамдарга зыяндын ордун толтуруу өлчөмү аныкталат. Багар-көрөрү каза болгондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууну аныктоодо каза болгон адамдын эмгек акысынын курамында тирүү кезинде алган пенсиясы, алган каражаттары жана башка ушул өңдүү төлөмдөрү эске алынат. Зыяндын ордун толтуруу өлчөмүн аныктоодо багар-көрөрү каза болгондугуна байланыштуу адамдарга дайындалган пенсия, ага тете багар-көрөрү каза болгонго чейин да, андан кийин да дайындалган пенсиялардын башка түрлөрү, ошондой эле ушул адамдар алуучу эмгек акылар, стипендиялар жана башка кирешелер алардын зыяндын ордун толтуруу эсебине киргизилбейт.

---

Мурунку берене: [249-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-249)  
Кийинки берене: [251-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-251)
