# 244-статья. Кошумча чыгымдардын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 ноября 2012 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203785)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220589..1220590>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-244>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-244.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 244-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-244

---

Келтирилген зыянга жооптуу иш берүүчү жоготулган эмгек акынын ордун толтуруудан сырткары эмгектик мертинүүдөн келип чыккан кошумча чыгымдарды компенсациялоого милдеттүү. Кошумча чыгымдар болуп төмөнкүлөр саналат: кошумча тамактанууга, дары-дармек сатып алууга, протездөөгө, башка адамдын же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жабырлануучуну багуута, жабырлануучунун, ал эми зарыл болгон учурларда аны коштоп жүргөн адамдын да дарылануучу жерге келип-кетишине жол кирени камтуу менен санаториялык-курорттук дарыланууга, атайын транспорттук каражаттарды жана күйүүчү майларды сатып алууга, ушул каражаттарды капиталдык ремонттон өткөрүүгө жана башка чыгымдар, эгерде жабырлануучу аларды мыйзамдарда каралган башка негиздер боюнча тиешелүү уюмдардан акысыз албаган болсо. Майыптуулугу I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга аны багуу зарылдыгы жөнүндө МСЭКтин корутундусу талап кылынбайт (атайын медициналык багууга муктаж болгондон башка учурда). Жардамдын бир нече түрүнө муктаж болгон жабырлануучуга жардамдын ар бир түрүн алуу менен байланышкан чыгымдардын орду толтурулат. Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган кошумча чыгымдар жабырлануучунун ага муктаждыгы жөнүндө МСЭКтин же дарылоо-профилактикалык мекеменин корутундусуна ылайык жүргүзүлөт. Мындай чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат. (КР 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [243-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-243)  
Кийинки берене: [245-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-245)
