# 242-статья. Эмгектик мертинүүгө байланыштуу башка жумушка убактылуу которууда эмгек акыны төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 242-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-242

---

Эмгектик мертинүүгө байланыштуу жабырлануучунун макулдугу менен кыйла жеңил аз эмгек акы төлөнүүчү жумушка убактылуу аны которууда эмгегине акы төлөө эмгекке жөндөмдүүлүгү калыбына келгенге же кесиптик эмгекке жарамдуулугун узак мезгилге же туруктуу жоготуу аныкталганга чейин эмгектик мертинүүнүн алдындагы орточо айлык эмгек акысынан кем эмес өлчөмдө жүргүзүлөт. Башка жумушка которуу зарылдыгы, анын узактыгы (1 жылдын тегерегинде) жана сунуш кылынган жумуштун мүнөзү жөнүндө корутунду дарылоо-профилактикалык мекеме тарабынан берилет. Иш берүүчү көрсөтүлгөн мезгилде тиешелүү жумуш берилбегенде жабырлануучуга эмгектик мертинүүгө чейин алган орточо айлык акысы төлөнөт. Мурунку иштеген жери боюнча орточо айлык эмгек акы мындай учурда, ошондой эле ушул Кодекстин 244-статьясында көрсөтүлгөн учурда мыйзамдарда белгигенген тартипте эмгектик мертинүү болгон айдан мурунку эки ай үчүн аныкталат.

---

Мурунку берене: [241-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-241)  
Кийинки берене: [243-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-243)
