# 239-статья. Экинчи жолку эмгектик мертинүүдө зыяндын ордун толтуруу өлчөмү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 239-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-239

---

Экинчи жолку эмгектик мертинүү учурунда орточо айлык эмгек акы жабырлануучунун каалоосу боюнча биринчи же экинчи эмгектик мертинүүнүн алдындагы тиешелүү мезгилдер үчүн эсептелет. Эгерде эмгектик мертинүү бир иш берүүчүдө иштеген мезгилинде келтирилсе зыяндын ордун толтуруу өлчөмү биринчи жана экинчи мертинүүнүн жыйындысы боюнча эмгекке жарамдуулугун жоготушунун жалпы пайызы боюнча эсептелет. Эгерде эмгектик мертинүүлөр ар башка иш берүүчүлөрдө иштөө мезгилинде келтирилсе, зыяндын ордун толтуруу өлчөмүн аныктоо тиешелүү эмгектик мертинүү боюнча кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу пайызынан улам ар бир иш берүүчү тарабынан өзүнчө жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [238-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-238)  
Кийинки берене: [240-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-240)
