238-статья. Орточо айлык эмгек акыны эсептөө тартиби
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 18-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Ушул Кодекстин 237-статьясында көрсөтүлгөн мезгил үчүн орточо айлык эмгек акы жумушунун (кызматынын) он эки айындагы эмгек акынын жалпы суммасын 12ге бөлүү жолу менен эсептелет. Эгерде жумушунун узактыгы он эки айдан кем болсо орточо айлык эмгек акы иш жүзүндө иштелген айлар үчүн эмгек акынын жалпы суммасын ушул айлардын санына бөлүү жолу менен эсептелет. Иштөө мезгили 1 календардык айдан аз болгон учурларда зыяндын ордун толтуруу өлчөмү шарттуу алынган айлык эмгек акыга негизденип эсептелет, ал төмөнкүчө аныкталат: бардык иштелген мезгил үчүн эмгек акы иштелген күндөрдүн санына бөлүнөт жана алынган сумма бир жыл үчүн орточо эсептелген бир айдагы жумуш күндөрүнүн санына көбөйтүлөт. Иш жүзүндөгү эмгек акы жөнүндө документтерди алууга мүмкүн болбогондо зыяндын ордун толтуруу өлчөмү беш эселенген эң төмөнкү эмгек акыга негизделип эсептелет. Орточо айлык эмгек акы беш эселенген эң төмөнкү эмгек акыдан аз болгон учурларда, зыяндын ордун толтуруу өлчөмү беш эселенген эң төмөнкү эмгек акыга негизделип эсептелет. Эгерде жабырлануучунун эмгек акысында анын ден соолугуна залал келтирилгенге же мертинүүгө дуушар болгонго чейин анын мүлктүк абалын жакшыртуучу олуттуу өзгөрүүлөр болсо (ээлеген кызмат оруну боюнча эмгек акысы жогоруласа, ал кыйла көп акы төлөнүүчү ишке которулса жана жабырлануучунун эмгек акысын олуттуу өзгөртүү же өзгөртүү мүмкүндүгү далилденген башка учурларда) анын орточо айлык эмгек акысын аныктоодо ал алган же алууга тийиш болгон эмгек акысы гана эсепке алынат.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
238-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 30 ноября 2006 года №14 "О некоторых вопросах судебной практики применения законодательства о возмещении вреда, причиненного жизни и…Постановление Пленума Верховного суда · 30.11.2006 · № 14
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-238" title="238-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>