# 237-статья. Орточо айлык эмгек акы аныкталуучу мезгилдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 ноября 2012 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203785)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220589..1220590>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-237.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 237-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-237

---

Орточо айлык эмгек акы эмгектик мертинүүдөн же эмгектик мертинүү менен байланышкан эмгекке жарамдуулугун жоготуудан же начарлатуудан мурунку жумушунун акыркы 12 айы үчүн аныкталат (жарандын тандоосу боюнча). Кесиптик ооруга чалдыккан учурда орточо айлык эмгек акы да ушундай ооруга чалдыктырган жумушун токтотуудан мурунку жумушунун акыркы 12 айы үчүн аныкталышы мүмкүн. Орточо айлык эмгек акы эсептелүүчү айлардын ичинен төмөнкүлөр чыгарылып салынат (жарандын каалоосу боюнча):

1) жумушу айдын биринчи күндөрүндө башталып же токтотулбагандыгына байланыштуу толук эмес жумуш айлары;

2) бала багууга байланыштуу берилген өргүү айлары (анын ичинде толук эмес), ошондой эле жаран майып болгон же эмгектик мертинүүгө алып келген зыяндын ордун толтурууну алган, майыптуулугу I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды, он сегиз жашка толо элек ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы же МСЭКтин корутундусу боюнча башкалардын багуусуна муктаж адамды баккан жумуш мезгилдери;

3) жумуш убактылуу токтоп калган учурда иш берүүчүнүн демилгеси боюнча берилүүчү айлыгы сакталбаган же жарым-жартылай сакталган өргүү айлары (анын ичинде толук эмес).

Чыгарылып салынган айлар түздөн-түз андан мурунку айлар менен алмаштырылат, болбосо аларды алмаштыруу мүмкүн болбогондо эсептен чыгарылып салынат. (КР 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [236-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-236)  
Кийинки берене: [238-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-238)
