# 236-статья. Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү эсептеле турган эмгек акынын курамы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-236>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-236.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 236-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-236

---

Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү эсептеле турган эмгек акынын жоготулган курамына эмгегине акы төлөөнүн бардык түрлөрү, анын ичинде мөөнөтүнөн ашыкча иштелген жумуштар, дем алыш жана майрам күндөгү жумуштар, ошондой эле айкалыштырып иштеген иштер кирет. Бир жолку берилүүчү мүнөздөгү төлөмдөр, атап айтканда пайдаланылбаган өргүү үчүн компенсация жана иштен бошогондо берилүүчү жөлөкпул эсепке алынбайт. Убактылуу ишке жарамсыздык мезгили, кош бойлуулук жана төрөтү боюнча өргүүсү үчүн төлөнгөн жөлөкпул эсепке алынат. Автордук гонорар жоготулган эмгек акынын курамына киргизилет. Окуган мезгилинде төлөнүүчү стипендия эмгек акыга теңештирилет (зыяндын ордун толтуруу үчүн кайрылуучунун каалоосу боюнча). Эмгек акылардын бардык түрлөрү салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү кармаганга чейин эсептелген суммаларда эсепке алынат.

---

Мурунку берене: [235-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-235)  
Кийинки берене: [237-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-237)
