# 232-статья. Эмгекке жарамдуулуктун экспертизасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-232>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-232.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 232-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-232

---

Эмгектик мертинүүнүн кесепетинен кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасы, майыптык тобу жабырлануучуну күбөлөндүрүүнүн натыйжалары боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) тарабынан аныкталат. Эмгектик мертинүнүн кесепетинен кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. МСЭКте күбөлөндүрүү иш берүүчүнүн, эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, дарылоо-профилактикалык мекеменин же соттун, болбосо жабырлануучунун же анын өкүлүнүн кайрылуусу боюнча өндүрүштөгү бөөдө кырсык (кесиптик ооруга чалдыгуу) жөнүндө актыны же эмгек милдеттерин аткаруу менен байланышкан бөөдө кырсык жөнүндө башка документти бергендө жүргүзүлөт. Мөөнөтүнөн мурда жабырлануучуну кайра күбөлөндүрүү анын арызы же иш берүүчүнүн кайрылуусу боюнча жүргүзүлөт. Жабырлануучу же башка кызыкчылыгы бар адамдар МСЭКтин чечимине макул болбогон учурда, аны МСЭК үчүн жогору турган органга же сотко даттанууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [231-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-231)  
Кийинки берене: [233-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-233)
