# 230-статья. Аралаш жоопкерчилик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 марта 2009 года № 103 "О внесении дополнений и изменений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203130)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220584..1220585>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-230>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-230.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 230-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-230

---

Эгерде эмгектик мертинүү иш берүүчүнүн күнөөсү эле эмес, жабырлануучунун одоно этиятсыздыгынан улам келип чыкса, анда аралаш жоопкерчилик колдонулат. Бул учурда ордун толтуруу акысынын өлчөмү жабырлануучунун күнөөсүнө жараша азайтылат. Жабырлануучунун күнөөсү комиссия тарабынан пайыз менен аныкталат. Жабырлануучунун одоно этиятсыздыгынан жана иш берүүчүнүн күнөөсү жок болгон учурда, анын жоопкерчилиги күнөөгө жараша келип чыкпаганда (226-статьянын биринчи бөлүгү), ордун толтуруунун өлчөмү да ага жараша азайтылат. Мында зыяндын ордун толтуруудан толук баш тартууга жол берилбейт. Жабырлануучу одоно этиятсыздык кылганда анын күнөөсүнүн даражасын аныктоо жөнүндө иштеги бөөдө кырсыкты териштирүү боюнча комиссиянын чечими эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына кесиптик бирликтердин техникалык инспекциясына же сотко даттанылышы мүмкүн. Аралаш жоопкерчилик башка жумушка убактылуу которууда, кошумча чыгымдардын ордун толтурууда, ошондой эле сөөк көмүүгө сарпталган чыгымдардын ордун толтурууга, багар-көрөрү каза болгондугуна байланыштуу жоготулган эмгек акынын ордун толтурууда колдонулбайт. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [229-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-229)  
Кийинки берене: [231-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-231)
