23-статья. Социалдык өнөктөштүктүн негизги принциптери
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Социалдык өнөктөштүктүн негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат: тараптардын тең укуктуулугу; тараптардын кызыкчылыгын урматтоо жана эсепке алуусу; келишимдик мамилелерге катышууга тараптардын кызыкчылыгы; демократиялык негизде социалдык өнөктөштүктү чыңдоого жана өнүктүрүүгө мамлекеттин көмөктөшүүсү; тараптар жана алардын өкүлчүлүктөрү тарабынан мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды сактоосу; тараптардын өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары; эмгек чөйрөсүнө кирүүчү маселелерди талкуулоодо эркин тандоосу; тараптар өзүлөрүнө милдеттенмелерди кабыл алуудагы ыктыярдуулугу; тараптар өзүлөрүнө кабыл алынган милдеттенмелердин реалдуулугу; жамааттык келишимдерди, макулдашууларды аткаруунун милдеттүүлүгү; кабыл алынган жамааттык келишимдерди, макулдашууларды аткарууга контролдук; тараптардын, алардын өкүлдөрүнүн күнөөсү боюнча жамааттык келишимдерди, макулдашууларды аткарбагандык үчүн жоопкерчилик.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-23" title="23-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>