# 226-статья. Эмгектик мертинүү, кызматкердин ден соолугуна келтирилген зыян үчүн иш берүүчүнүн жоопкерчилигинин негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 226-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-226

---

Эгерде зыян болтурбай калууга болбой турган күчтөн же жабырлануучунун карасанатайлыгынын кесепетинен болгондугун далилдей албаса, иш берүүчү кызматкердин өтө кооптуу эмгек милдетин аткарууда ден соолугуна келтирилген зыянды, толук көлөмдө калыбына келтирүүгө милдеттүү. Эгерде келтирилген зыян өтө кооптуу жумуштан келип чыкпаса, эгерде келтирилген зыянга анын күнөөсү жок экендигин далилдей алса, анда иш берүүчү жоопкерчиликтен бошотулат. Кызматкердин эмгек милдеттерин аткарууда ден соолугуна келтирилген зыян бөлөк адамдын (жеке жана юридикалык) күнөөсү менен болсо, иш берүүчү тарабынан мыйзамда каралган тартипте күнөөкөр адамга карата кийинки регресс менен орду толтурулат.

---

Мурунку берене: [225-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-225)  
Кийинки берене: [227-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-227)
