# 224-статья. Эмгек шарттары боюнча жеңилдиктер жана компенсациялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2015 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111223)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220592..1220593>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-224>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-224.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 224-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-224

---

Оор жумуштар жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштар үчүн кызматкерлерге жеңилдиктер жана компенсациялар берилет (№ 2 тизмеге ылайык курагы боюнча пенсия, эмгек акысына кошумча төлөө, кыскартылган жумуш күнү, кошумча өргүү, сүт берүү жана башкаларды берүү). Аларды берүү, токтотуу тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. Иш берүүчү уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча жумуш орунун аттестациялоонун же өндүрүштүк чөйрөнүн факторлорунун деңгээлдерин аспаптык ченөөнүн негизинде эмгек шарттарынын жакшыргандыгына байланыштуу компенсацияларды жана жеңилдиктерди алып салышы же азайтышы мүмкүн. Жеңилдетилген пенсияларга карата маселелерди чечүүдө тиешелүү мамлекеттик көзөмөл жана контроль органынын кошумча корутундусу талап кылынат. Иш берүүчү өздүк каражаттарынын эсебинен зыяндуу же кооптуу өндүрүштүк факторлордун таасири үчүн кызматкерлерге мыйзамда белгиленгендерге салыштырмалуу жеңилдиктерди жана компенсацияларды кошумча берүүгө укуктуу. (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [223-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-223)  
Кийинки берене: [225-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-225)
