# 222-статья. Эмгекти коргоо кызматы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-222>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-222.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 222-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-222

---

Эмгекти коргоонун талаптарын сактоону камсыз кылуу, өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруучу, кызматкерлеринин саны 50дөн ашкан ар бир уюмда анын аткарылышына контроль жүргүзүү максатында эмгекти коргоо кызматы түзүлөт же эмгекти коргоо боюнча тиешелүү даярдыктан өткөн же ушул тармакта иш тажрыйбасы бар адистин кызматы киргизилет. Кызматкерлеринин саны 50 жана андан аз уюмдарда эмгекти коргоо кызматын түзүү же эмгекти коргоо боюнча адистин кызматын киргизүү жөнүндө чечимди ушул уюмдагы иштин өзгөчөлүгүн эске алуу менен иш берүүчү кабыл алат. Уюмда эмгекти коргоо кызматы (эмгекти коргоо боюнча адис) жок болгондо, иш берүүчү адистер менен же эмгекти коргоо жаатында кызмат көрсөтүүчү уюмдар менен келишим түзөт. Уюмдагы эмгекти коргоо кызматынын түзүмүн жана эмгекти коргоо кызматынын кызматкерлеринин санын иштегендердин санына, өндүрүштүн кооптуулугуна жана зыяндуулугуна, аймактык алыстыгына жараша эмгек чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган белгилеген ченемдерге ылайык иш берүүчү аныктайт. Эмгекти коргоо кызматы жөнүндө типтүү жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же ал ыйгарым укук берген орган бекитет.

---

Мурунку берене: [221-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-221)  
Кийинки берене: [223-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-223)
