# 220-статья. Айрым категориялардагы кызматкерлерди медициналык текшерилүүдөн өткөрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-220>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-220.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 220-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-220

---

Оор жумуштарда, бийик тоолуу шарттардагы жумуштарда жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарда (анын ичинде жер астындагы жумуштарда), транспорттун кыймылы менен байланышкан жумуштарда жана вахталык усул менен иштеген кызматкерлер жумушка орношууда, алардын тапшырылган ишке жарактуулугун аныктоо жана кесиптик ооруга чалдыгуунун алдыналуу үчүн милдеттүү түрдө алдынала кезексиз, ошондой эле мезгил-мезгили менен медициналык текшерилүүдөн (кароодон) өтүшөт. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, коомдук тамактануу жана соода, суу түтүк курулмалар уюмдарынын, дарылоо-профилактикалык жана балдар мекемелеринин, ошондой эле айрым башка уюмдардын кызматкерлери калктын саламаттыгын коргоо максатында көрсөтүлгөн медициналык текшерилүүдөн өтүшөт. Милдеттүү мезгил-мезгили менен медициналык текшерилүүлөр жана кезексиз медициналык текшерилүүлөр (кароолор) эмгек акынын орточо өлчөмүн сактоо менен жумуш мезгилинде жүргүзүлөт. Зыяндуу өндүрүштүк факторлордун жана жумуштардын түрлөрүнүн, аткарылышы медициналык текшерилүүнү талап кылган кызмат орундарынын жана кесиптердин тизмеги, аларды өткөрүү эрежеси эмгек чөйрөсүндөгү жана кесиптик бирликтердин органдары аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [219-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-219)  
Кийинки берене: [221-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-221)
