# 216-статья. Эмгекти коргоо боюнча кызматкерлерди окутуп үйрөтүү жана нускама берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 216-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-216

---

Иш берүүчү менен кошо уюмдун бардык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте эмгекти коргоо боюнча окутуп үйрөтүүдөн, билимин текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү. Кайра орношкон, ошондой эле башка ишке которулган кызматкерлер үчүн иш берүүчү эмгекти коргоо боюнча нускама берүүгө, жумушту аткаруунун коопсуз ыкмаларына үйрөтүүнү жана бөөдө кырсыктан жабыр тарткандарга алгачкы жардам көрсөтүүнү уюштурууга милдеттүү. Өтө кооптуу өндүрүштөргө же кесиптик тандоо талап кылынган жумушка кирип жаткан кызматкерлерге эмгекти коргоо боюнча окутуп үйрөтүү, экзамен тапшыруу жүргүзүлүп, кийин мезгил-мезгили менен аттестацияланып турат. Эмгекти коргоо боюнча белгиленген тартипте окутуп үйрөтүүдөн, нускама берүүдөн жана билимин текшерүүдөн өтпөгөн адамдардын жумушка киришүүсүнө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [215-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-215)  
Кийинки берене: [217-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-217)
