# 215-статья. Кызматкердин эмгекти коргоо укуктарына кепилдик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-215>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-215.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 215-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-215

---

Эмгек келишиминин шарттары эмгекти коргоо талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Эмгек келишиминде эмгек шарттарынын туура мүнөздөмөсү, кызматкерлерге оор жумуштар үчүн жана эмгек шарты зыяндуу же кооптуу жумуштар үчүн берилүүчү компенсациялар жана жеңилдиктер көрсөтүлөт. Ишканада (анын бөлүмүндө) же жумуш орунунда эмгекти коргоо талаптары кызматкердин күнөөсү боюнча эмес бузулушунан жумуш токтотулган учурда анын жумуш орду, кызмат оруну жана эмгек акысынын орточо өлчөмү сакталат. Кызматкер жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары менен эмгектин ченемдерине жана талаптарына ылайык камсыз кылынбаган учурда иш берүүчү кызматкерден эмгек милдеттерин аткарууну талап кылууга укуксуз. Кызматкер эмгекти коргоонун талаптарына байланыштуу өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келген учурда ал жөнүндө тийиштүү жетекчиге билдирүү менен жумушту аткаруудан баш тартууга укугу бар. Кызматкер өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келген учурда же эмгек келишиминде каралбаган оор жумуштарды жана шарты зыяндуу же кооптуу жумуштарды аткаруудан, ошондой эле жекече коргонуу каражаттары менен камсыз кылынбаганда, баш тартуусу, кызматкерди кандайдыр бир күнөөлөргө дуушар кылбайт. Мындай коркунучту жоюу мезгилинде кызматкердин орточо эмгек акысы сакталат. Кызматкерлердин эмгекти коргоо укуктарына кепилдиктер, эмгек шарты зыяндуу жана оор жумуштарда иштегендик үчүн компенсациялардын жана жеңилдиктердин түрлөрү, ошондой эле аларды берүүнүн тартиби жана шарттары ушул Кодекс, мыйзамдар жана башка ченемдик актылар, эмгек жөнүндө келишимдер менен аныкталат. Ченемдик актыларда кайсы бир жумуштарды иштөө зарыл болгон эмгекти коргоонун талаптары жок болгон учурда иш берүүчү кызматкерлерге эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [214-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-214)  
Кийинки берене: [216-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-216)
