# 213-статья. Өндүрүштүк объектилердин жана продукциянын эмгекти коргоонун талаптарына ылайык келиши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2015 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111223)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220592..1220593>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 213-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-213

---

Өндүрүштүк объектилерди куруунун жана реконструкциялоонун, ошондой эле машиналарды, механизмдерди жана башка өндүрүштүк жабдууларды технологиялык процесстердин долбоорлору эмгекти коргоонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Эмгекти коргоонун талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жана контроль жүргүзүүчү тийиштүү органдын долбоордук документтери эмгекти коргоонун талаптарына ылайык келиши жөнүндө корутундусу болмоюнча өндүрүштүк объекттерди курууга, реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, жаңы техниканы чыгарууга жана колдонууга киргизүүгө, жаңы технологияларды жайылтууга тыюу салынат. Эмгекти коргоо талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жана контроль жүргүзүүчү тийиштүү органдын корутундусу болмоюнча жаңы же реконструкцияланган өндүрүштүк объектилерди пайдаланууга кабыл алынышы мүмкүн эмес. Метрологиялык контролдоо усулдамалары жана каражаттары иштелип чыкпаган жана токсикологиялык (санитардык-гигиеналык, медициналык-биологиялык) баалоо жүргүзүлбөгөн зыяндуу же кооптуу заттарды, материалдарды, продукцияны, товарларды жана кызматтарды көрсөтүүлөрдү өндүрүштө колдонууга тыюу салынат. Уюмда мурда пайдаланылбаган жаңы, зыяндуу же кооптуу заттарды колдонууда иш берүүчү көрсөтүлгөн заттар пайдаланылганга чейин кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана эмгекти коргоонун талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жана контроль жүргүзүүчү тийиштүү орган менен макулдашууга милдеттүү. Машиналар, механизмдер жана башка өндүрүштүк жабдуулар, транспорттук каражаттар, технологиялык процесстер, материалдар, химиялык заттар, кызматкердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары, анын ичинде чет өлкөдө чыгарылгандары Кыргыз Республикасында белгиленген эмгекти коргоонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш. (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [212-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-212)  
Кийинки берене: [214-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-214)
