# 212-статья. Кызматкердин эмгекти коргоо жаатындагы милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-212>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-212.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 212-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-212

---

Кызматкер төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- эмгекти коргоо боюнча белгиленген эрежелердин, ченемдерин жана нускамалардын талаптарын сактоого;

- жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын туура колдонууга;

- эмгекти коргоонун талаптары боюнча окутуудан, үйрөтүүдөн жана билимин текшерүүдөн өтүүгө;

- адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген ар кандай кырдаал жөнүндө болбосун, өндүрүштө болгон ар бир кырсык тууралу же өзүнүн ден соолугунун начарлагандыгы жөнүндө өзүнүн түздөн-түз же жогору турган жетекчисине дароо билдирүүгө;

- милдеттүү алдынала (жумушка киришүүдө) жана мезгилдүү медициналык текшерилүүдөн өтүүгө.

---

Мурунку берене: [211-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-211)  
Кийинки берене: [213-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-213)
