# 211-статья. Эмгектин корголушун камсыз кылуу боюнча иш берүүчүнүн милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 211-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-211

---

Кызматкерлерге эмгектин оңтойлуу жана коопсуз шарттарын түзүү, эмгекти коргоо талаптарын аткаруу боюнча милдеттер иш берүүчүгө жүктөлөт жана иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Иш берүүчү төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:

- имараттарды, курулмаларды, жабдууларды пайдалануудагы, технологиялык процесстерди жүргүзүүдөгү кызматкерлердин, ошондой эле өндүрүштө колдонулуучу чийки заттардын жана материалдардын коопсуздугун;

- кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын колдонуусун;

- ар бир жумуш орунунда эмгек шарттарынын эмгекти коргоонун тийиштүү талаптарынын болушун;

- кызматкерлер үчүн эмгекти коргоо боюнча жана нускамаларды иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлердин эмгектенүү жана эс алуу режимин;

- кызматкерлерге атайын кийимдерди, атайын бут кийимдерди жана жекече коргонуунун башка каражаттарын, жуугуч жана зыянсыздандыруучу каражаттарды белгиленген ченемдерге ылайык акысыз берүүсүн;

- кызматкерлерди эмгекти коргоонун талаптарына окутуу, үйрөтүү жана билимдерин текшерүү, эмгекти коргоонун талаптарына окутуудан, үйрөтүүдөн жана билимин текшерүүдөн өтпөгөн адамдардын иштөөсүнө жол бербөөсүн;

- жумуш орундарда эмгек шарттарынын сакталышына, ошондой эле кызматкердин эмгекти коргоонун талаптарын сакташына контролдуктун уюштурулушун;

- жумуш орундарын эмгекти коргоонун шарттары боюнча аттестациялоо өткөрүүнү;

- кызматкерлерди милдеттүү алдынала (ишке киришүүдө) жана мезгилдүү медициналык текшерилүүдөн, кезексиз медициналык текшерилүүдөн (көрүнүүдөн) өткөрүүнү;

- кызматкерлер милдеттүү медициналык текшерилүүдөн өтмөйүнчө, ошондой эле медициналык көрсөткүчтөргө карама-каршы келген учурларда эмгек милдеттерин аткарууга жол бербөөсүн;

- кызматкерлерге жумуш орундарындагы шарттар жана эмгекти коргоо жөнүндө, ден соолугуна залал келтирүүнүн тобокелчилиги бар экендиги, аларга тиешелүү болгон компенсациялар жана жекече коргонуу каражаттары, эмгек шарттары боюнча компенсациялар жана жеңилдиктер жөнүндө маалымдоону;

- авариялык кырдаалдарды болтурбоо, андай кырдаалдар пайда болгондо кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо, анын ичинде жабыркагандарга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүүнү;

- өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды жана кесиптик ооруга чалдыгууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте териштирүүнү;

- кызматкерлерди санитардык-тиричилик жана дарылоо-профилактикалык алуучу тейлөөнү;

- кызматкерлерди өндүрүштөгү бөөдө кырсыктардан жана кесиптик ооруга чалдыгуудан милдеттүү социалдык камсыздандырууну;

- кызматкерлерди эмгекти коргоонун талаптары менен тааныштурууну;

- кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтурууну;

- эмгекти коргоонун талаптарына ылайык эмгек шарттарын жакшыртуу үчүн керектүү өлгөндө финансылык каражаттарды бөлүүнү;

- эмгек шарты зыяндуу жана оор жумуштарда иштеген кызматкерлерге мыйзамдарда каралган учурларда жеңилдиктерди жана компенсацияларды берүүнү ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган № 2 - тизмесиндеги курагы боюнча пенсия жана пенсиялардын түрлөрү, кыскартылган жумуш күнү, жогорулатылган өлчөмдө акы төлөө, кошумча өргүү, сүт жана ага тете тамак-аш продуктулары жана башкалар);

- тийиштүү органдардын өкүлдөрүн өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды жана кесиптик ооруга чалдыгууну териштирүүсү, өндүрүштүк травматизмди жана авариялардын алдын алуу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүсү үчүн тоскоолдуксуз киргизүү, аларга эмгекти коргоо боюнча маалыматтарды мыйзамда белгиленген тартипте берүүнү.

---

Мурунку берене: [210-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-210)  
Кийинки берене: [212-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-212)
