210-статья. Эмгекти коргоонун мамлекеттик ченемдик талаптары
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 17-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Эмгекти коргоонун мыйзамдардагы жана башка ченемдик укуктук актылардагы мамлекеттик ченемдик талаптары (мындан ары - эмгекти коргоо талаптары) эмгектенүү процессинде кызматкердин өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган эрежелерди, жол-жоболорду процедураларды жана критерийлерди белгилейт. Эмгекти коргоо боюнча мыйзамдан келип чыккан ченемдик актыларды (эмгекти коргоо боюнча тармактар аралык жана тармактык эрежелерди жана типтүү нускамаларды, курулуштук жана санитардык ченемдерди жана эрежелерди, коопсуздук боюнча эрежелерди жана нускамаларды, орнотмонун жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин, долбоорлоо жана курулуш боюнча эрежелер жыйнагын, гигиеналык ченемдерди жана эмгектин коопсуздугунун мамлекеттик стандарттарын) иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби, ошондой эле аларды кайра кароонун мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
210-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-210" title="210-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>