# 209-статья. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-209>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-209.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 209-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-209

---

Эмгекти коргоо - эмгектенүү процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоонун тутуму, ал укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруу-техникалык, санитардык-гигиеналык, дарылоо-профилактикалык, калыбына келтирүүчү жана башка чараларды камтыйт. Эмгектин коопсуз шарттары - иштегендер үчүн өндүрүштүн зыяндуу же кооптуу таасир этүүчү факторлору жок болгон, болбосо алардын таасири белгиленген ченемдерден ашпаган эмгек шарты. Жумуш оруну - кызматкер жумушуна келип турууга же келүүгө тийиш болгон жана иш берүүчүнүн түздөн-түз же кыйыр көзөмөлүндө болгон жер. Жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары - кызматкерлерге өндүрүштүн зыяндуу же кооптуу факторлору таасир тийгизишин болтурбоого же азайтууга, ошондой эле булгануудан коргоого арналган каражаттар (атайын бүт кийим, атайын кийим, электрди өткөрбөөчү мээлейлер жана аспаптар, сактоочу кур, коргоочу көз айнектер жана башкалар). Эмгектин зыяндуу шарттары - гигиеналык ченемдерден ашык жана иштегендердин организмине терс таасир тийгизүүчү зыяндуу өндүрүштүк факторлордун болушу менен мүнөздөлгөн эмгек шарты. Өндүрүштүк иш-аракет - өзүнө сырьенун ар кандай түрлөрүн өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү, курулушту, ар түрдүү кызмат көрсөтүүнү камтыган кызматкерлердин ресурстарды даяр продукцияга айландыруу үчүн эмгек каражаттарын колдонуу менен аракеттенүүнүн жыйындысы.

---

Мурунку берене: [208-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-208)  
Кийинки берене: [210-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-210)
