# 195-статья. Иш берүүчүнүн кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-195>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-195.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 195-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-195

---

Өзүнүн муктаждыктары үчүн кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо зарылчылыгын иш берүүчү аныктайт. Иш берүүчү кызматкерлерди кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну, аларды уюмда, ал эми зарыл учурларда жамааттык келишиминде, макулдашууларда, эмгек келишиминде белгиленген тартипте жана шарттарда башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүү мекемелеринде экинчи кесипке үйрөтүүнү жүргүзөт. Кадрларды кесиптик даярдоонун жана кайра даярдоонун формаларын, кесиптердин жана адистиктердин тизмегин иш берүүчү аныктайт. Эгерде квалификацияны жогорулатуу иштин белгилүү түрлөрүн жүргүзүүнүн шарты болуп саналса, мыйзамдарда, башка ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда иш берүүчү кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга милдеттүү. Кесиптик даярдыктан өтүп жаткан кызматкерлер үчүн иш берүүчү жумушту окуу менен айкалыштырууга зарыл шарттарды түзүүгө, ушул Кодексте, башка ченемдик укуктук актыларда, жамааттык келишимде, макулдашууларда жана эмгек келишиминде белгиленген кепилдиктерди берүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [194-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-194)  
Кийинки берене: [196-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-196)
