184-статья. Кызматкер кан же анын кошулмаларын тапшырган учурдагы кепилдиктер жана компенсациялар
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 15-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 марта 2009 года № 103
Кызматкер кан жана анын кошулмаларын тапшырган күнү, ошондой эле ага байланыштуу медициналык текшерүүдө болгон күнү иштен бошотулат. Эгерде иш берүүчү менен макулдашуу боюнча кызматкер кан жана анын кошулмаларын тапшырган күнү ишке чыкса оор кара жумуштан, (эмгектенүү шарты зыяндуу жана (же) коркунучтуу ошол күнү кызматкер ишке чыгууга мүмкүн болбосо), ага өзүнүн каалоосу боюнча башка дем алыш күн берилет. Кан же анын кошулмаларын тапшырган учурда, акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү мезгилинде, дем алыш же иш эмес майрам күнү тапшырылса, кызматкерге өзүнүн каалоосу боюнча башка дем алыш күн берилет. Кызматкерге кан жана анын кошулмаларын тапшырган ар бир күндөн кийин кошумча дем алыш күн берилет. Мындай дем алыш күн кызматкердин каалоосу боюнча акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүсүнө кошулса же канды жана анын кошулмаларын тапшырган күндөн кийин календардык жылдын ичинде башка учурда пайдаланылса болот. Кызматкер кан жана анын компоненттерин тапшырган учурда жумуш берүүчү ал күндөрү үчүн ага орточо эмгек акысы менен ушуга байланыштуу эс алууга берилген күндөрүн сактайт. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
184-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 марта 2009 года № 103 "О внесении дополнений и изменений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
30.03.2009 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кийин календардык жылдын ичинде башка учурда пайдаланылса болот. кошулду: Кызматкер кан жана анын компоненттерин тапшырган учурда жумуш берүүчү ал күндөрү үчүн ага орточо эмгек акысы менен ушуга байланыштуу эс алууга берилген күндөрүн сактайт. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-184" title="184-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>