# 177-статья. Эмгек ченемдери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-177>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-177.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 177-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-177

---

Эмгек ченемдери - техниканын, технологиянын, өндүрүштү жана эмгекти уюштуруунун жетишилген деңгээлине ылайык кызматкерлер үчүн жумуш аткаруу, убакыт, тейлөө ченемдери менен белгиленет. Эмгек ченемдери эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүн камсыз кылуучу жаңы техниканын, технологиянын, болбосо башка уюштуруучулук иш-чаралардын өркүндөтүлүшүнө же жайылтылышына жараша, ошондой эле иштен жешилген жана моралдык жактан эскирген жабдуулар колдонулган учурда кайра каралышы мүмкүн. Айрым кызматкерлердин өз демилгелери боюнча эмгектин жаңы ыкмаларын колдонуунун жана жумуш орундарын өркүндөтүүнүн эсебинен продукция чыгаруунун (кызмат көрсөтүүнүн) жогорку деңгээлине жетишүүсү эмгектин мурда белгиленген ченемдерин кайра кароого негиз боло албайт.

---

Мурунку берене: [176-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-176)  
Кийинки берене: [178-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-178)
