# 170-статья. Эмгек ченемдери (кызмат милдеттери) аткарылбаганда эмгек акы төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 170-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-170

---

Иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча эмгек ченеми (кызмат милдеттери) аткарылбаганда эмгек акы иш жүзүндө иштелген убакыт же аткарылган жумуш үчүн, бирок кызматкерге ошол иштелген убакыт же аткарылган жумуш үчүн эсептелген орточо эмгек акыдан кем эмес төлөнөт. Эмгек ченеми (кызмат милдеттери) иш берүүчүгө жана кызматкерге көз каранды эмес себептер боюнча аткарылбаганда, кызматкерге тарифтик ставкасынын (айлык акысынын) үчтөн экиден кем эмеси сакталат. Эмгек ченеми (кызмат милдеттери) кызматкердин күнөөсү боюнча аткарылбаганда эмгек акынын ченемге салынуучу бөлүгү аткарылган иштин көлөмүнө жараша төлөнөт.

---

Мурунку берене: [169-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-169)  
Кийинки берене: [171-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-171)
