# 166-статья. Ченемден четтеген шарттагы башка учурларда аткарылган жумуштарга эмгек акы төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 166-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-166

---

Ченемден четтеген шарттагы башка учурларда жумуштарды аткарууда (ар түрдүү квалификациядагы жумуштарды аткарууда, кесиптерди айкалыштырууда, жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынын чегинен сырткары иштегенде, тункүсүн, дем алыш жана майрам күндөрү иштегенде, талаа шартында иштегенде, кыдырма жана кыймылдуу мүнөздөгү жана башка жумуштарда иштегенде) кызматкерге жамааттык келишимде, эмгек келишиминде каралган тийиштүү кошумча акылар төлөнөт. Кошумча акылардын өлчөмү ушул Кодексте, мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленгенден төмөн болушу мүмкүн эмес. Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-мартындагы № 154 "Иштин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" токтому

---

Мурунку берене: [165-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-165)  
Кийинки берене: [167-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-167)
