# 162-статья. Эмгек акыны төлөөнүн тартиби жана орду

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 162-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-162

---

Иш берүүчү эмгек акы төлөөдө ар бир кызматкерге тийиштүү мезгил үчүн берилүүчү эмгек акынын курамдык бөлүктөрү, андан кармап калуулардын өлчөмдөрү жана негиздери, алууга берилүүчү акчалай сумма жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Эсептешүү барагынын формасын иш берүүчү бекитет. Эмгек акы, эреже катары кызматкерге ал иштеген жерде берилет же кызматкер көрсөткөн банктагы эсепке жамааттык келишимде же эмгек келишиминде белгиленген шарт менен которулат. Төлөөнүн башкача ыкмасы мыйзамда же эмгек келишиминде каралгандан башка учурларда эмгек акы кызматкердин өзүнө берилет.

---

Мурунку берене: [161-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-161)  
Кийинки берене: [163-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-163)
