# 161-статья. Эмгек акыдан кармап калуу өлчөмүн чектөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-161>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-161.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 161-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-161

---

Ар жолку эмгек акы төлөөдөгү бардык кармап калуулардын жалпы өлчөмү кызматкерге тийиштүү эмгек акынын 20 пайызынан, ал эми мыйзамдарда каралган учурларда - 50 пайызынан ашпоого тийиш. Бир нече аткаруу документтери боюнча эмгек акыдан кармап калууда, кандай болсо да кызматкерде эмгек акынын 50 пайызы сакталып калууга тийиш. Ушул статья менен белгиленген чектөөлөр түзөтүү жумуштарын өтөөдөгү, жашы жете элек балдарга алименттерди өндүрүүдөгү, ден соолукка келтирилген залалдын ордун толтуруудагы, багар-көрөрүнөн айрылгандыгына байланыштуу жабыр тарткан адамдарга зыяндын ордун толтуруудагы жана кылмыш жасоонун кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруудагы кармап калууларга карата колдонулбайт. Бул учурларда эмгек акыдан кармоонун өлчөмү 70 пайыздан ашпоого тийиш. Жумуштан бошоноордо берилчү жөлөкпулдардан, компенсациялык жана башка төлөөлөрдөн кармап калууга жол берилбейт, мыйзам боюнча алар өндүрүүгө чегерилбейт.

---

Мурунку берене: [160-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-160)  
Кийинки берене: [162-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-162)
