# 159-статья. Орточо эмгек акыны эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 159-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-159

---

Орточо эмгек акынын өлчөмүн аныктоонун ушул Кодексте каралган бардык учурлары үчүн аны эсептөөнүн бирдей тартиби колдонулат. Орточо эмгек акыны эсептөө үчүн айкын уюмда эмгекке акы төлөө тутумунда каралган төлөмдөрдүн бардык түрлөрү аларды төлөөнүн булактарына карабастан эсепке алынат. Орточо эмгек акы иш жүзүндө эсептелген эмгек акыга жана иштин кандай режиминде болбосун иштелген убакытка жараша жүргүзүлөт. Орточо эмгек акы төлөгөнгө чейинки учурга карата 12 айга эсептеп чыгарылат. Жамааттык келишимде кызматкердин абалын начарлатпоочу эеептөөнүн башка мезгилдери каралышы мүмкүн. Өргүүлөр жана пайдаланылбаган өргүү үчүн компенсацияны төлөө үчүн бир күндүк орточо эмгек акы акыркы үч календардык айда эсептелген эмгек акынын суммасын 3кө жана 29,6га (айдагы күндөрдүн календардык орточо саны) бөлүү менен эсептеп чыгарылат. Ушул Кодексте каралган учурларда жумуш күндөр менен берилчү өргүүлөргө төлөө үчүн, ошондой эле мындай учурларда пайдаланылбаган өргүү үчүн компенсация төлөө үчүн бир күндүк орточо эмгек акы эмгек акынын эсептелген суммасын алты күндүк жумуш жумасынын календары боюнча жумуш күндөрдүн санына бөлүү менен эсептеп чыгарылат. Ушул статья менен белгиленген орточо эмгек акыны эсептеп чыгаруунун өзгөчөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

---

Мурунку берене: [158-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-158)  
Кийинки берене: [160-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-160)
