# 155-статья. Эмгек акыны белгилөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 155-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-155

---

Эмгек акы төлөө тутумдары, тарифтик ченемдердин, айлык акылардын өлчөмдөрү, кызматкерлердин айрым категорияларынын ортосундагы алардын өлчөмдөрүндөгү айырмалар, сыйлоо тутумдары, төлөөнүн тартиби жана шарттары, жыл ичиндеги иштин жыйынтыгы үчүн, иштеген жылдары үчүн төлөнчү акылар, материалдык сыйлоонун башка түрлөрү макулдашууларда, жамааттык келишимде (эгерде жамааттык келишим түзүлбөсө - кесиптик бирликтин же өкүлчөлүктүү орган менен кеңешкенден кийин иш берүүчү тарабынан), уюмдун локалдуу ченемдик актыларында, эмгектик келишимдерде аныкталат. Мамлекеттик бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акы төлөө тутуму жана өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте аныкталат. Эмгек келишиминдеги эмгекке акы төлөө шарты мыйзамдарда, башка ченемдик укуктук актыларда, макулдашууларда жана жамааттык келишимде белгиленгенден начар болушу мүмкүн эмес. Макулдашууларда, жамааттык келишимде, уюмдардын локалдуу ченемдик актыларында аныкталган эмгек акы төлөө шарттары мыйзамдарда белгиленгенден начар болушу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [154-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-154)  
Кийинки берене: [156-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-156)
