# 154-статья. Эң төмөнкү эмгек акыны белгилөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 154-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-154

---

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жана квалификациялуу эмес эмгеги үчүн эмгек акынын эң төмөнкү өлчөмү мыйзам менен белгиленет эмгекке жарамдуу адамдын жашоо минимумунун өлчөмүнөн аз болууга тийиш эмес. Кызматкердин бир айдын ичинде ошол мезгил үчүн жумуш убактысынын ченеминде иштеген жана иштин ченемин (эмгектик милдетин) аткарган кызматкердин айлык эмгек акысы мыйзам менен белгиленген эң төмөнкү эмгек акынын өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн эмес. Эмгек акыны тарифтик тутум боюнча төлөөдө биринчи разряддын тарифтик торчосунун тарифтик ставкасынын (эмгек акысынын) өлчөмү эң төмөнкү эмгек акынын өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн эмес. Эң төмөнкү эмгек акынын өлчөмүнө үстөктөр жана кошумчалар, сыйлыктар жана башка кызыктыруучу төлөмдөр, ошондой эле ченемдүү эмес шарттарда, өзгөчө климаттык шарттарда жана радиоактивдүү булганууга дуушарланган аймактарда иштегендик үчүн төлөмдөр, башка компенсациялык жана социалдык төлөмдөр киргизилбейт. Жашоо минимумун эсептеп чыгаруунун тартиби жана анын көлөмү мыйзам менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [153-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-153)  
Кийинки берене: [155-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-155)
