# 153-статья. Эмгекке акы төлөөнүн формасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=5621..13763>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-153>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 153-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-153

---

Эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын валютасы (сом) менен акчалай түрдө жүргүзүлөт. Эмгек акыны карыздык милдеттенме, тилкат, азык-түлүктүк же өнөр жайлык товар карточкалары же ушул сыяктуу акчанын ордуна жүргөн алмаштыргычтар менен төлөөгө тыюу салынат. Ал жеткис күч пайда болгон, өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал жарыяланган учурларды кошпогондо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан каралган учурларда, эмгек акыны төлөө иш берүүчү - юридикалык жак тарабынан накталай эмес формада жүргүзүлүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети иштин айрым түрлөрүнүн иш берүүчүлөрү үчүн же өлкөнүн белгилүү бир аймактарында эмгек акыны накталай формада төлөөгө уруксат берүүгө укуктуу. (КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [152-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-152)  
Кийинки берене: [154-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-154)
