# 151-статья. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 ноября 2012 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203785)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.11.2012 [Закон КР от 20 ноября 2012 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203785); 30.03.2009 [Закон КР от 30 марта 2009 года № 103 "О внесении дополнений и изменений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203130)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220589..1220590>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 151-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-151

---

Эмгекке акы төлөө - мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга, жамааттык келишимдерге, макулдашууларга, локалдуу ченемдик актыларга жана эмгек келишимдерине ылайык иш берүүчүнүн кызматкерлерге эмгеги үчүн төлөнүүчү акыны белгилөө жана жүзөгө ашыруу менен байланышкан мамилелердин тутуму. Эмгек акы - татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн берилүүчү сыйакы (ордун толтуруу), ошондой эле компенсациялык жана кызыктыруучу мүнөздөгү төлөмдөр. Үстөк жана кошумча акы төлөө түрүндөгү компенсациялык жана стимулдоочу мүнөздөгү төлөмдөр, эмгек акысына чегерилген райондук коэффициентти кошпогондо, абсолюттук чоңдуктарда же кызматтык (тарифтик) маянага карата пайыз менен белгиленет. Эң төмөнкү эмгек акы (эмгекке акы төлөөнүн эң төмөнкү өлчөмү) - эмгектин кадимки шарттарында жөнөкөй жумуштарды аткаруу менен жумуш убактысында толук иштеген квалификациясы жок кызматкерге эмгеги үчүн бир айлык эмгек акынын мыйзам менен кепилденген өлчөмү. Тарифтик ставка (айлык акы) - кызматкердин убакыт бирдигинин ичинде белгилүү бир татаалдыктагы (квалификациядагы) ченемин иштин (иш-милдеттерин) аткарганы үчүн эмгек акысынын бекитилген өлчөмү. Жумушту тарифтөө - жумуштун түрлөрүн анын татаалдыгына жараша тарифтик разряддарга же квалификациялык категорияларга бөлүштүрүү. Тарифтик разряд - жумуштун татаалдыгын жана кызматкердин квалификациясын көрсөтүүчү чоңдук. Квалификациялык разряд - кызматкердин кесиптик даярдыгынын деңгээлин чагылдырган чоңдук. Тарифтик торчо - жумуштардын (кесиптердин, кызматтык орундардын) татаалдыгына жана кызматкерлердин квалификациялык мүнөздөмөлөрүнө жараша тарифтик коэффициенттердин жардамы менен аныкталган жумуштардын тарифтик разряддарынын жыйндысы. Тарифтик тутум - ченемдердин жыйындысы, анын жардамы менен кызматкерлердин ар түрдүү категорияларынын эмгек акыларын дифференциялоо жүзөгө ашыралат. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 103, 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [150-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-150)  
Кийинки берене: [152-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-152)
