# 140-статья. Кесиптик орто билим берүү уюмдарында окуган кызматкерлер үчүн окуу өргүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 140-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-140

---

Мамлекеттик аккредитациясы бар кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында алардын сырттан жана сырттан - күндүзгү (кечки) окутуунун түрлөрү боюнча уюштуруу-укуктук формаларына карабастан окууга иш берүүчү тарабынан жиберилген, ошол уюмдарында ийгиликтүү окуп жаткан кызматкерлерге иш берүүчү орточо эмгек акысын сактоо менен кошумча өргүүнү төмөнкүлөр үчүн берет: биринчи жана экинчи курстарда зачетторду жана экзамендерди тапшыруу үчүн 30 календардык күн жана кийинки курстарда 40 календардык күн; дипломдун долбоорун (ишти) даярдоо жана жактоо жана мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 2 ай; мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 1 ай. Иш берүүчү төмөнкүлөргө эмгек акысы сакталбаган өргүү берүүгө милдеттүү: кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кирүү сынактарына жиберилген кызматкерлерге - 10 календардык күн; кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында күндүзгү окуу формасында окуган, окууну жумуш менен айкалыштырган кызматкерлерге - зачетторду жана экзамендерди тапшыруу үчүн окуу жылында 10 календардык күн; дипломдун долбоорун (ишти) даярдоо жана жактоо жана мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 2 ай; мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 1 ай. Кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында сырттан окуган кызматкерлерге иш берүүчү окуу жылында бир жолу кесиптик башталгыч жана орто билим берүү уюму жайгашкан жерге жана лабораториялык иштерди аткаруу, зачетторду жана экзамендерди тапшыруу, ошондой эле мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу, дипломдун долбоорун (ишти) даярдоо жана жактоо үчүн барып-келүүгө жол киресин төлөп берет. Окууга өз алдынча (иш берүүчүнүн жолдомосуз) тапшырып өткөн жана жумушту кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу менен айкалыштырган кызматкерлерге кепилдиктер жана компенсациялар жамааттык келишим же эмгек келишими менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [139-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-139)  
Кийинки берене: [141-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-141)
