# 139-статья. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында билим алууну иш менен айкалыштырган кызматкерлер үчүн окуу өргүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 139-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-139

---

Мамлекеттик аккредитациясы бар кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына алардын сырттан жана сырттан - күндүзгү (кечки) окутуунун түрлөрү боюнча уюштуруу-укуктук формаларына карабастан окууга иш берүүчү тарабынан жиберилген, ошол уюмдарында ийгиликтүү окуп жаткан кызматкерлерге иш берүүчү орточо эмгек акысын сактоо менен кошумча өргүүнү төмөнкүлөр үчүн берет: биринчи жана экинчи курстарда зачетторду жана экзамендерди тапшыруу үчүн 40 календардык күндөн, кийинки курстарда 50 календардык күн; дипломдук долбоорду (ишти) даярдоо жана коргоо менен жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендерди тапшыруу үчүн - 4 ай; жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендерди тапшыруу үчүн - 1 ай. Иш берүүчү төмөнкүлөргө эмгек акысы сакталбаган өргүү берүүгө милдеттүү: кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына кирүү сыноолоруна жиберилген кызматкерлерге - 15 календардык күнгө; кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына караштуу даярдоо бөлүмдөрүнүн угуучу - кызматкерлерге кирүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 15 календардык күнгө; кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында күндүзгү окуу формасында окуган, окууну иш менен айкалыштырган кызматкер студенттерге - зачетторду жана экзамендерди тапшыруу үчүн окуу жылында 15 календардык күнгө; дипломдун долбоорун (ишин) даярдоо жана жактоо жана мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 4 ай; мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 1 ай. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында сырттан окуган кызматкерлерге иш берүүчү окуу жылында бир жолу жогорку окуу жайы жайгашкан жерге лабораториялык иштерди аткаруу, зачетторду жана экзамендерди тапшыруу, ошондой эле мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу, дипломдун долбоорун (ишти) даярдоо жана жактоо үчүн барып-келүү жол киресин төлөп берет. Окууга өз алдынча (иш берүүчүнүн жолдомосуз) тапшырып өткөн жана ишти кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында окууну жумуш менен айкалыштырган кызматкерлерге кепилдиктер жана компенсациялар жамааттык келишим же эмгек келишими менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [138-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-138)  
Кийинки берене: [140-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-140)
