# 137-статья. Бала багуу боюнча өргүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 ноября 2012 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203785)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.11.2012 [Закон КР от 20 ноября 2012 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203785); 19.04.2008 [Закон КР от 19 апреля 2008 года № 61 "О внесении изменения в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202353)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220589..1220590>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 137-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-137

---

Кызматкерге арызы боюнча баласы үч жашка чыкканга чейин багуу үчүн эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүү берилет. Тараптардын макулдашуусу боюнча ал үч жашка чыкканга чейин бала багуу үчүн өргүү кандай болбосун убакта жана кандай болбосун узактыкта берилиши мүмкүн. Бала багуу боюнча өргүүнү баланын атасы, чоң энеси, чоң атасы, башка тууганы же баланы иш жүзүндө багып жаткан камкорчусу да толук же бөлүп-бөлүп пайдаланылышы мүмкүн. Аялдын же ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын арыздары боюнча алар бала багуу үчүн өргүүдө жүргөн учурда толук эмес иш убактысынын шартында же үйүндө иштей алышат. Ушул көрсөтүлгөн кызматкерлерге бала багуу үчүн өргүү учурунда иш орду (кызмат оруну) сакталат. Бала багуу боюнча өргүү жалпы иш стажыга, ошондой эле адистиги боюнча иш стажысына киргизилет (жеңилдик шартта, кызмат иштеген жылдары үчүн пенсия чектегенден башка учурларда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленгенден бөлөк учурларда). (КР 2008-жылдын 19-апрелиндеги № 61, 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [136-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-136)  
Кийинки берене: [138-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-138)
