135-статья. Эмгек өргүүсүнүн узактыгын иштеген убакытка пропорциялуу эсептөөнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 11-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Эмгек өргүүсүнүн узактыгын иш жылындагы иштеген убакытка пропорциялуу эсептөө бир айга туура келүүчү өргүүнүн өлчөмүн иш жылындагы иштелген айлардын санына көбөйтүү жолу менен жүргүзүлөт. Иштеген убакытка пропорциялуу үлүштө өргүү күндөрүнүн жалпы узактыгы 0,5ке барабар болот жана андан ашыгы 1 күнгө чейин тегеректелет, ал эми 0,5тен азы эсептен чыгарылат. Иш жылындагы иштелген толук айлардын эсеби төмөнкүдөй чыгарылат:
1) иш жылына киргизилген күндөр эсептелинет;
2) алынган сумма бир жылдагы жумуш күндөрүнүн айлык орточо санына бөлүнөт;
3) 13 жана андан ашык жумуш күнүнө барабар калдык күндөр толук айга чейин тегеректелет, ал эми 13 жумуш күнүнөн аз калдык күндөр эсептен чыгарылат.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
135-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-135" title="135-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>